Шашылыш билдирүү: 24-сентябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрөт

1182

Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында 24-сентябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрөт. Айрым жерлерде батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 18-23 метрге жетиши ыктымал. Абанын табы төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл чарба, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

25-26-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5 градус үшүк жүрүп, жыйнала элек жашылча-жемиштерге, казылбаган картөшкө жана кант кызылчасы үчүн коркунуч алып келет.