Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

1090

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, бүгүнтөн тарта 8-мартка чейин туруксуз аба ырайы күтүлүп жатканына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар күрткүлөрү пайда болуп, кар көчкү түшүү коркунучу жаралууда.

Ушундай эле көрүнүш Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная-Горка — Ак-Таш, Казарман — Актал-Чат, Мырзаке-Кара-Кулжа — Алайкуу жана Каракол — Эңилчек унаа жолдорунун бир топ тилкелеринде да сакталууда. Буга кошумча жолдордун айрым жерлери муз каптап тайгак болоору белгиленүүдө.

Адистер айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону эскертишет. Бул шашылыш билдирүү өлкөнүн бардык област жетекчилерине жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди.