Шавкат Мирзиеевдун Кыргызстанга болгон тарыхый сапары (видео)

1005

Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шафкат Мирзиеев мамлекеттик иш сапары менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев ардак кароол менен тосуп алды. Эки лидер бир жыл ичинде төртүнчү ирет жолугушуп жатышат. Былтыр Самаркандга Алмазбек Атамбаев жумушчу сапары менен барып келген. Өзбекстандын жетекчиси акыркы жолу 17 жыл мурда Кыргызстанга мамлекеттик визит жасаган. Андан бери өлкөлөр ортосундагы мамиле сууй түшкөн. Бир жыл ичинде кызматташуу жаңы тепкичке жогорулап, алака жылый баштады.