Шектүүнү кармоо операциясы чуу жаратты (видео)

511

Бишкекте бир жаранды бир нече саат бою опузалап, курал менен коркутуп акчасын алып койгон шектүү кармалды. Ыкчам операция учурунда ал милиция кызматкерлерине бычак менен тап берип, кол салган.

Батирди тинтүү учурунда курал, баңгизатка окшогон жашыл түстөгү чөптүн топтому жана экстремисттик мүнөздөгү китептер табылган. Маалыматтарга караганда, анын жанында шериктери болгон. Бирок алар азырынча колго түшө элек.