ШИИББ: Болот Шамшиевдин автоунаасын белгисиздер уурдап, өрттөп кетишкен

645

Советтер союзунун эл артисти, режиссер Болот Шамшиевдин автомашинасы уурдалып, ал өрттөлгөндөн кийин табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады. Унаанын жоголгону тууралуу арыз баш калаанын Свердлов райондук милициясына 8-ноябрда келип түшкөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Белгилүү кинорежиссердун машинасы 10-ноябрда Чүй областынын Аламүдүн районундагы Милянфан айылында табылган. Унааны белгисиздер өрттөп салышкан. Азырынча бул кылмышка шектүүлөр кармала элек. Учурда тергөө иштери жүрүп, экспертиза дайындалган.

Кино дүйнөсүндө «Кыргыз кереметин» жараткандардын бири, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев «Ак кеме», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Караш-караш», «Бөрү зындан» тасмаларын тарткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.