Ширин Айтматованын жолдошу камакка алынды (видео)

7496

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевге карата 2 кылмыш иши козголду. Ал ири өлчөмдөгү алдамчылыкка тиешеси бар деп шектелип жатат. Сыргак Кенжебаевге карата УКМК жана Ички иштер министрлигине 2 башка адамдан арыз келип түшкөн.
Атайын кызматка кытайлык жаран кайрылган. Чет элдик ишкердин айтымында, Сыргак Кенжебаев «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тендерде жардам берем деп андан 350 миң доллар алып, кийин дагы 250 миң доллар сураган. Кытайлык жаран акча берүүдөн баш тартканда, коркутууларга чейин барганы айтылууда.