ШКУ Коопсуздук Кеңештеринин отуруму (видео)

612

Аймактагы коопсуздук жана терроризмге, экстремизмге биргелешип каршы туруу. Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын отуруму жыйынтыкталды.

Анда курал-жарактын, баңги заттарынын мыйзамсыз сатылышын, таркалышын алдына алуу, дүйнөдөгү коопсуздукту камсыздоо үчүн Бириккен улуттар уюмунун алдында терроризмге каршы Бирдиктүү фронт түзүү зарылчылыгы айтылды. Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө бир нече келишимдерге кол коюлду.