ШКУ өлкөлөрүнүн медиа өкүлдөрүнүн форуму Бишкекте (видео)

1188

Кыргызстанда эл журналисттерге ишенет жана калк үчүн жабык тема жок. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Шанхай Кызматташтык Уюмунун курамындагы өлкөлөрдүн медиа форумунда сүйлөп жатып билдирди.

Иш-чарага Казакстан, Россия, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Пакистан жана башка өлкөлөрдөн келген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Анда аталган уюмга кирген өлкөлөрдүн арасында бирдиктүү маалымат алкагын түзүү талкууланды.