ШКУ саммитине катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келишти

744

Афганистандын президенти Мохаммад Ашраф Гани Бишкекке учуп келди. Жогорку даражалуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды. Андан кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын жетекчиси Касым-Жомарт Токаев, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Пакистандын премьер-министри Имран Хан жана Россиянын президенти Владимир Путин келишти.

Россиянын лидерин аэропорттон президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алып, ошол жерде эле эки тараптуу жолугушуу болду. Өлкө башчысы мамлекет жетекчилеринин ар бир жолугушуусу өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө болоорун белгиледи. Өз кезегинде Владимир Путин алдыдагы саммит эл аралык күн тартибиндеги маанилүү иш-чара экенин айтып, жыйын ийгиликтүү өтөөрүнө ишенимин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен дагы жолугушту. Анда эки мамлекет башчысы Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара боюнча кызматташтыкты арттыруу боюнча маселелерди талкуулашып, мындан ары да эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Ошондой эле, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен да жолугушту. Анда Касым-Жомарт Токаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, ага мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Мындан тышкары, өлкө башчылары Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достук мамиле жана кызматташык маселелерин талкуулашты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.