ШКУ саммитинин алкагында чек ара маселелери чечилеби? (видео)

828

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында чек ара маселелерин чечүүгө басым жасалышы керек. Мындай сунуштарын бир катар эксперттер «Аймактагы коопсуздуктун негизги куралы катары Шанхай Кызматташтык Уюмунун мааниси» деп аталган тегерек үстөлдүн жүрүшүндө билдиришти.

Ошондой эле, иш-чарада терроризмге каршы Бирдиктүү глобалдык фронт түзүүнүн зарылдыгын жана ШКУнун курамындагы мамлекеттердин, Жамааттык Коопсуздук келишим Уюмунун, ЕАЭБдин кызматташтыгындагы негизги багыттар талкууланды. Белгилей кетсек, ушул бейшемби күнү боло турган саммитке 11 өлкөнүн башчысы келери күтүлүп жатат.