ШКУда Бишкек декларациясы кабыл алынды (видео)

1195

Шанхай кызматташтык уюмунун саммити аяктап, анын жыйынтыгы менен баш-аягы 22 документке кол коюлду. Анын ичинде Бишкек декларациясы, ошондой эле ШКУ-Афганистан тобунун мындан аркы иши боюнча жол картасы бар. Саммитте лидерлер Афганистан маселесине көбүрөөк токтолушуп, аталган өлкөдөгү абалды тынчтык жолу менен чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУнун алкагында транспорттук-логистикалык байланышты күчөтүү зарыл экенин белгилеп, бул багытта Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашырууну тездетүүгө чакырды.