ШКУнун саммити быйыл Бишкекте өткөрүлөт

981

Кыргызстан ушул жылы жайында Бишкекте өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммитине даярданууда.

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Садыков жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат берди. Былтыркы жылы Шанхай уюмуна төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөн.

Белгилей кетсек, 2018-жылы саммит Кытайдын Циндао шаарында өтүп, анда негизинен коопсуздук маселелери талкууланган. Жыйынтыгында Циндао декларациясы, терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы туруу, манзатка каршы күрөш, азык-түлүк коопсуздугу, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ШКУга мүчө мамлекет башчылардын биргелешкен чечимдерин кошкондо 20га жакын документ кабыл алынган.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер: Кыргызстан, Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия. Ал эми Афганистан, Беларусь, Иран жана Монголия байкоочу өлкөлөр.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.