ШКУнын биринчи медиа форумуна 18 өлкөнүн алдыңкы ЖМК өкүлдөрү катышты

864

Шанхай рухун өнүктүрүү! Ушундай ураан менен өткөрүлгөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун биринчи медиа форумуна 18 өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Форумга ШКУга мүчө болгон Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Индия, Пакистан, Россия, Тажикистан жана Өзбекстандын алдыңкы теле каналдарынын, радио жана маалымат агенттиктеринин жетекчилери жана кызматкерлери чакырылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Шанхай уюмунун алкагында масс-медиа ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү демилгеси көтөрүлдү. Ушул эле форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кытайдын мамлекеттик кеңешинин пресс-канцеляриясы менен өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол койду.

Бул документ тараптардын өз ара сапарларды уюштуруу менен кызматташуусун өнүктүрүүгө дагы жол ачат. Ошондой эле, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана жалпыга маалымдоо каражаттары тармагында тажрыйба алмашууга шарт түзөт.