Швеция соту теракт үчүн өзбекстандык жаранды өмүр бою түрмөгө кести

834

Өзбекстандын жараны Рахмат Акилов былтыр жазында Стокгольмдо жүк ташуучу унаа менен элди тебелеп кеткени үчүн соттолду.

Ал кол салуудан беш кишинин өмүрү кыйылып, 15 адам жарадар болгон. 40 жаштагы Акилов өзүнө тагылган күнөөнү сотто мойнуна алган. Үч айга созулган соттук жараянда жүздөй адам күбө катары көрсөтмө беришти.

Айыпталуучунун адвокаты мурдараак ал тергөө менен кызматташканын эске алып жазасын жеңилдетүүнү суранган болчу. Соттук териштирүү маалында Акилов чабуул коёрдон мурун “Ислам мамлекети” тобуна ант бергенин айткан.

Бирок экстремисттик уюм Стокгольмдогу теракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган эмес. “Азаттыктын” өзбек жана тажик кызматтары биргелешип жүргүзгөн иликтөө Рахмат Акилов радикал топ менен түз байланышта болгонун аныктаган.