Швецияда теракт даярдоого шектелген өзбек жарандары кармалды

692

30-апрелде эртең менен Швециянын Улуттук коопсуздук кызматы өлкөнүн түндүгүндө жана Стокгольм шаарында атайын операция өткөрдү. Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын жүрүшүндө үч киши кармалып, дагы бир нечеси суракка алынды.

Жергиликтүү Expressen телеканалы Стокгольмдун түндүк бөлүгүндөгү атайын операциянын жүрүшү тартылган кадрларды көрсөттү.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы азырынча кармалгандардын аты-жөнү жана кайсыл аймактагы операция маалында кармалганын айта албай турганын маалымдады. Бирок бул иш менен жакындан тааныш аткаминерлердин бири кармалган үч адам Стокгольмдун Акалла районунда жашаган өзбек жарандары экенин билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалгандар узак убакыттан бери Швециянын аймагында теракт жасоого даярдык көрүп жүрүшкөн.

Кармалгандардын биринин бир тууган агасы жергиликтүү SVT телеканалына берген маегинде «инисинин Швецияда эмес, Өзбекстанда маселелери болгонун» айтты. Швециядагы өзбек коомчулугунан билдиришкендей, 30-апрелде кармалган өзбек жарандарынны бирөөсү Өзбекстандагы куугунтуктоолордон кийин Швецияга барган.

Былтыр апрелде самарканддык 40 жаштагы Рахмат Акилов жүк унаасы менен Стокгольмдун борборунда жөө адамдарды тебелетип кеткен. Жыйынтыгында беш киши мерт болуп, он беши жаракат алган.