Швейцария: Давос курортунда Дүйнөлү экономикалык форум башталды

650

48-ирет өтүп жаткан быйылкы иш-чара «Бөлүнүп-жарылган дүйнөдө орток келечек түзүү” темасына арналган. Уюштуруучулардын айтымында, 4 күндүк жыйын маалында күн сайын 100дөй жолугушуу жана талкуу өткөрүлөт.

Бул форумга 60тан ашык мамлекет жана өкмөт башчысы, жүздөгөн алдыңкы компаниянын жетекчилери, илимпоздор, жарандык коом өкүлдөрү, эксперттер катышып жатышат. Иш-чарада экономикалык өсүш, айлана-чөйрөнү коргоо, террорчулук, жасалма интеллект, Африканын келечеги өңдүү маселелер козголмокчу.

Белгилей кетсек, Швейцариядагы Экономикалык форумга Кыргызстандан өкмөт жетекчиси Сапар Исаков баштаган делегация дагы катышып жүрөт.