Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырып, партиядан чыкканын жарыялады

13159

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырды. Ал Борбордук шайлоо комиссиясына мандатын тапшыруу боюнча өзү арызын жазган.

Ошондой эле, Шыкмаматов «Ата-Мекен» партиясынан биротоло чыгып жатканын да жарыялады. Айтымында, мындай күтүүсүз кадамга баруусуна Өмүрбек Текебаев менен болгон пикир келишпестик себеп болгон. Бирок дагы башка бир катар себептерин кийин ачыктарын белгилеген.

«Жеке ар-намысым мен үчүн мандаттан да, кызматтан да жогору болуп келген. Бирок саясаттан кетпейм. Өзүм менен көз карашым төп келишкен саясатчылар, топтор менен биригем», — деп билдирген Шыкмаматов, «Саясат Текебаевдин менчиги эмес», деген оюн кошумчалаган.

Эске салсак, Алмамбет Шыкмаматов парламенттеги «Ата Мекен» фракциясын 2017-жылдан бери, тактап айтканда, партиянын лидери Өмүрбек Текебаев «коррупцияга» айыпталып кармалгандан бери жетектеп келет. Өмүрбек Текебаев Шыкмаматовдун билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.