Шымын булгап койгон үчүн сабалган наристе чарчап калды (видео)

1096

Ош шаарында ур-токмоктон чарчап калган наристенин атасы кылмышка шектелип жаткан жеңесине каршы арыз жазуудан баш тартты. Айыпталуучу азыр тергөө абагында камакта. 30 жаштагы келин 2 жаштагы баланы шымын булгап койгон үчүн сабагынан моюнга алган. Шектүү 5 баланын энеси жана азыр 6 айлык боюнда бар.

Өткөн аптада Ош шаарындагы ооруканага ур-токмокко алынган 2 жаштагы наристе жеткирилген. Дарыгерлер кароо учурунда бала эчак үзүлүп кеткенин аныкташкан. Анын денесинин баары көгала болгон. Маалыматтарга караганда, баланын ата-энеси ажырашып кетип, наристе атасында калган. Ал болсо чет өлкөгө иштеп кетип, уулун бир тууган агасына калтырган. Белгилей кетсек, бир ай ичинде эле чет өлкөгө иштеп кеткен мигранттардын балдары жакындарынын ур-токмогунан каза болгон үчүнчү учур катталды.