Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүсүнүн кезектеги айлампасы башталды

804

Астанада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүсүнүн кезектеги айлампасы башталды. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин тараткан маалыматына ылайык, бул сүйлөшүүгө Россия, Иран, Түркия жана Сириянын өкмөтү менен оппозициянын өкүлдөрү келишти. Бүгүн эки жана көп тараптуу жолугушуулар, кеңешмелер башталганы кабарланууда.

Эске салсак, буга чейин да Сириядагы ок атышууну токтотуу боюнча Астанада тынчтык сүйлөшүүлөрү өтүп, бирок алар олуттуу жыйынтык берген эмес. Мисалы, акыркы жолу кармалгандарды жана маркумдардын сөөктөрүн эки тараптуу өткөрүп берүү келишими боюнча тараптар мунасага келе алышкан эмес.

Ошондой эле, коопсуз аймактарды белгилеп, тиешелүү жактарга көзөмөлгө берүү маселелери каралган. Бир топ жолу сүйлөшүүлөргө оппозиция өкүлдөрү келбей коюшкан. Сириядагы 7 жылга созулган жарандык согушта 330 миңден ашуун киши набыт болуп, миңдеген жарандар баш паанек издеп, четте качып жүрүшөт.

Тынчтык орнотуу боюнча Женева сүйлөшүүлөрү да жыйынтык бербей келет.