Сирия, Ирактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча иштин 2-этабы уланууда

762

Сирия жана Ирактын согуш аймактарында жана ар кандай качкындар лагеринде жүргөн кыргызстандык жарандарды мекенине кайра кайтаруу боюнча иштин экинчи этабы улантылууда. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен белгилешкендей анын алкагында жарандардын атын-жөнү жана террорчул иш-аракеттерге тийиштиги аныкталып жатат. Ал жерде көпчүлүгүнүн балдары бар болгондуктан Кыргызстанга алып келүү үчүн ата-энелеринин макулдугу керек.

Бирок атасы же энеси атайын текшерүү аяктамайынча Сирия же Ирактын аймагында калуу шарт экен. Атайын кызмат, эгерде балдардын ата-энелери террористтик иш-аракеттерге катыштыгы бар экени аныкталса, алар балдарга болгон укугунан ажыратыла турганын маалымдады.

УКМКдан билдиришкендей, кыргызстандыктар мекенине кайтып келгенде реабилитациядан өтүп, мыйзамдын талаптарына ылайык жоопкерчилиги аныкталат. Сирия жана Ирак согуш аймактарындагы жана качкындар лагерлериндеги жарандарыбызды кайтарып келүү учурда президенттин көзөмөлүндө экени маалым болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.