Сирия өкмөтү Женевадагы сүйлөшүүлөргө барбай турганы айтылууда

697

Сирия өкмөтүнүн делегациясы оппозиция өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Женевага барууну кийинкиге жылдырды. Бул тууралуу Reuters Сириянын өкмөттүк «Аль-Ватан» басылмасына шилтеме жасоо менен билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, Дамасктын мындай чечими өткөөл мезгилге чейин президент Башар Асаддын отставкасын талап кылган оппозиция өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү менен байланыштуу.

БУУнын атайын чабарманы Стаффан де Мистура Дамасктын Женевага барбоо тууралуу чечимине комментарий бере элек. Мистуранын кеңсесинен кабарлашкандай, оппозиция менен өкмөттүн кезектеги сүйлөшүүлөрү 28-ноябрда өтөт.