Сирия оппозициясы Идлибдеги согуш аймагынан оор куралдарын чыгарды

718

Дүйшөмбүдө Сириянын куралдуу оппозициясы Идлиб провинциясындагы согуш аймагынан оор курал-жарактарын чыгарып бүттү. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Оппозиция өкүлдөрү мындай кадамга демилитаризацияланган аймак түзүү тууралуу Орусия менен Түркиянын ортосундагы макулдашуунун алкагында барды.

Курал-жарактар чыгарылганы менен аталган аймакта Анкара тарабынан колдоого алынган оппозиция өкүлдөрү калышат. Алар аймакта ок атууну токтотуу режиминин сакталышына көзөмөл кылышат.

Азырынча Идлибдеги эң кубаттуу жихад тобу эсептелген «Тахрир аш-Шам» уюму Орусия менен Түркия президенттеринин макулдашуусу боюнча өз позициясын билдире элек.

Өткөн айда жетишилген макулдашуу Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен союздаштарынын Идлиб аймагына пландаган чабуулун токтоткон. Ага чейин Сирия бийлиги аймакты «кандай болсо да» өз көзөмөлүнө ала турганын билдирген. Дүйнөлүк лидерлер менен БУУнун өкүлдөрү мындай операция 3 миллион калкы бар аймакта гуманитардык катастрофага алып келиши мүмкүндүгүн билдиришкен. Анда АКШ эгер химиялык курал колдонулса, Сирия президенти Башар Асаддын аскерлерине кезектеги жолу сокку жасала турганын эскерткен.