Сирияда ай башынан бери миңден ашык адам каза тапты

672

Сириядагы аба соккулардан улам февралдын башынан бери миңден ашык жай тургун мерт болгон.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар уюму жарыялаган баяндамада айтылат. Андагы маалыматка караганда акыркы аптада эле 300гө жакын адам ажал тапты. Алардын көпчүлүгү Орусия колдоого алган сирия авиациясынын соккуларына кабылган.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин баяндамасында дал ушул мезгил Сирия согушундагы эң кандуу учур катары сыпатталган.

Буга чейин Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш Сириядагы кырдаалды жөнгө салууга чакырган.

Мындай чакырыкты баш катчы Израилдин аба күчтөрү Сирияга бир нече сокку ургандан кийин жасаган.

Ал эми Сириянын түндүгүндөгү Африн аймагында Түркия күрт күчтөрүнө каршы операция жүргүзүүдө.