Сирияда атайын даярдыктан өткөн кыргызстандык жаран кармалды

1172

Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы согушка катышып, жанкечтиликке үйрөтүүчү атайын даярдыктан өтүп келген кыргыз жараны кармалды. Бул туралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирүүдө.

Маалыматка караганда, 21 жаштагы адам эл аралык террордук топтун башчыларынын буйругу менен Кыргызстанга кайтып келип, өлкө аймагында террордук чабуулдарга камынып жаткан. Ага карата эки берененин негизинде иш козголуп, өзү атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынды.

Белгилей кетсек, кечээ Сирияда согушуп, Кыргызстанга кайтып келгендердин дагы бири кармалганы да кабарланган.