Сирияда орусиялык Ан-26 учагы кыйрап, 39 киши мерт болду

647

Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын Хмеймим аэродромунда кыйраган учакта 39 киши бар болгонун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Азырынча Коргоо министрлиги курман болгондордун аты-жөнүн жана аскердик наамдарын жарыялай элек. Mash телеграм-каналынын маалыматы боюнча, Ан-26 Орусиянын аскерий аба күчтөрүнө таандык болгон жана Алепподон Хмеймим базасына бараткан.

«Такталган маалыматтар боюнча, Хмеймим аэродромуна конуп жаткан маалда кыйраган транспорттук Ан-26 учагынын ичинде 33 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү болгон», – деп билдиришти министрликтен.

Мекемеден ошондой эле учактагылардын бардыгы орусиялык аскер кызматкерлери болгонун кошумчалашты.

Буга чейин Орусиянын Тергөө комитети учактын кыйрашы боюнча кылмыш ишин козгогону кабарланган.

Февраль айынын башында Идлиб провинциясында орусиялык Су-25 аскер учагы атып түшүрүлүп, учкуч Роман Филипов курман болгон.