Сирияда согуштук аракеттерге катышып келген кыргызстандык кармалды

824

Буга чейин Сирияда согуштук аракеттерге катышып келген, террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Улуттук коопсуздук комитети кабарлагандай, ыкчам-издөө аракеттеринин алкагында, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн адам кармалган.

Ал 1993-жылы туулган Ош областынын жашоочусу экени жана ал буга чейин Сирияда террордук түзүмдөрдө болуп, атайын диверсиялык-террористтик даярдыктан өткөнү аныкталган. Шектүү куралдуу кагылыштар өтүп жаткан аймактан Кыргызстанга атайын террористтик топ түзүү үчүн келген. Ал учурда тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки териштирүү башталды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.