Сириядагы согушка адамдарды жалдап, жөнөтүп турган жаран кармалды

788

Эл аралык террордук уюмга мүчө болуп, Сириядагы согушка адамдарды жалдап, жөнөтүп турган, деп шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсүнө караганда, ал террорчулукка каршы жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында колго түшүрүлгөн.

Маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү адам 2013-жылы террордук уюмдарын бирине мүчө болуп, Сирия өкмөтүнө каршы салгылаштарга катышкан. Андан тышкары, террордук топтун башчысынын тапшырмасы менен ал жакка адам жалдап, Шериктештик мамлекеттеринен 100дөн ашуун кишини алып барган, деп шектелип жатат.

Колго түшкөн жаранга «жалданмачылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал УКМКнын тергөө абагына камалды.