Сириядагы согушка катышкан кыргызстандыктар боюнча бир жылда 110 иш ачылган

758

2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча укук коргоо органдары 110 кылмыш ишин ачкан. Чогултулган далил материалдардын негизинде 111 кишиге айып тагылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

110 кылмыш ишинин 55и сотко өткөрүлгөн, ал эми 41 адам кесилген. Айыпталгандардын 60% 30 жашка чейинкилер экени айтылат.

Көзөмөл орган айрыкча өзүнүн дүйнө таанымын кеңейтүүгө жетише элек жаштар экстремизм жана терроризмдин идеясына азгырылып жатканын белгилейт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.