Сириядагы согушка катышкан кыргызстандыктар (видео)

887

Сириядагы согушка катышкан кыргызстандыктар боюнча бир жылда 110 кылмыш иши ачылып, 41 адам эркинен ажыратылган. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады. Айыпталуучулардын басымдуу бөлүгү Ош менен Жалал-Абад областынын тургундары. Жакында эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эл аралык террористтик уюмда мүчөлүктө турган Кыргызстандын дагы бир жаранын кармады.

Ал 2014-жылы Сирияга барып «куралчан жихадга» кошулуу максатында атайын диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, андан ары согушка катышкан. Кийин «куралчан жихад» жана жашыруун террористтик уюм түзүү максатында Кыргызстанга келген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди.