Сириядагы согушка катышкан кыргызстандыктар жарандыктан ажыратылат

1096

Сирия жана Ирактагы террордук уюмдардын катарында согушка катышып жүргөн кыргызстандыктар жарандыктан ажыратылат. Бул тууралуу коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыров билдирди. Анын айтымында, буга жаңы кабыл алынган Конституция жол берет.

Ага ылайык, кыргызстандык террордук уюмдарда жүргөнү далилденсе, ал жарандыктан ажыратылат. Учурда бул демилгени ишке ашыруу боюнча так механизмдер иштелип жатыптыр.

Белгилей кетсек, расмий маалыматтар боюнча Сирия жана Иракта согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат. Алардын 140ка жакыны аял болсо, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин алардын 100гө жакыны согуш талаасында набыт болгон.