Сириядан качкан террорчулар Борбор Азия өлкөлөрүн көздөй бат алышты

849

Сириядан качып чыккан террорчулар Борбор Азия өлкөлөрүн көздөй багыт алышууда. Бул тууралуу бир катар эл аралык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, согушкерлер өзгөчө Өзбекстан менен Түркмөнстандын чегинде жана Афганистандын түндүгүндө өз лагерлерин кура баштаган. Ал террордук топтордун курамынын басымдуу бөлүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары түзөт экен.

Ал арада Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Афганистандагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө Борбор Азия өлкөлөрү да катышуусу зарыл деп билдирди. Бул аймакта тынчтык орномоюнча, чөлкөмдөгү абал оор бойдон кала берет дейт. Орус министринин мындай пикирине жергиликтүү эксперттер дагы кошулушат.