Сирияга аскерлерди жөнөтүү парламенттин уруксаты менен ишке ашырылат

698

Сирияга Кыргызстандан тынчтык орнотуучуларды жөнөтүү парламенттин уруксаты менен гана ишке ашырылат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын «Известия» гезитине берген интервьюсунда айтылат.

Сирияга тынчтык орнотуучуларды жөнөтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынында каралып, бирок андан ары өнүгүү алган эмес. Кыргызстанга эч кимден чакыруу келген жок жана аскерлерди согуш болуп жаткан аймакка жөнөтүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн жок, деди президент. Учурда бул маселе айрым эксперттердин деңгээлинде гана талкууланып жатат.

Ал эми аны ишке ашыруу үчүн ЖККУга кирген өлкөлөрдүн баардыгынын макулдугу, Бириккен улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинин резолюциясы керек. Кыргызстан кошула турган болсо, анда парламенттин уруксаты сөзсүз талап кылынат, деди Сооронбай Жээнбеков.