Сирияга кетип, кайра кайткан 24 жаштагы террордук топтун мүчөсү кармалды

3190

УКМК былтыркы жылдын аягында эл аралык террористтик уюмдун катарына өтүү үчүн Сирияга кетип, кайра кайтып келген 24 жаштагы кыргыз жаранынын кармалганын маалымдады.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, шектүү эл аралык террористтик топтун тапшырмасы менен Кыргызстанда радикализмди жайылтуу үчүн келген. Бул факт сотко чейинки өндүрүштүк материалдын негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, кармалган адам УКМКнын тергөө жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.