Сирияга жарандарды жөнөтүп турган деген шек менен бир киши кармалды

730

Кыргызстандыктарды Сириядагы куралдуу кагылыштарга катышууга үгүттөп жана жөнөтүп жүргөн деп шектелип, 1982-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекетттик комитетинен кабарлашты. Колго түшүрүлгөн адам эл аралык террористтик уюмдарга атайын каналдар аркылуу адамдарды тартууга каршы жүргүзүлгөн контртеррористтик операциянын алкагында кармалган.

Ошондой эле, ал адам буга чейин «жихадка» үгүттөгөнү үчүн соттолгону аныкталган. Тинтүүнүн жүрүшүндө, шектүүнүн үйүнөн диний багыттагы адабияттар, уюлдук телефондор жана маалыматтар топтолгон каражаттар табылган. Атайын экспертизада ал маалыматтар экстремисттик мүнөздө экени белгилүү болгон.

Шектүүгө карата «террористтик жана экстремисттик уюмдардын символика, атрибуттарын атайылап колдонуу жана жайылтуу, экстремисттик маанадайдагы маалыматтарды сактоо, жайылтуу жана алып жүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.