Скорпион атайын даярдыктагы кызматтын командири жол кырсыгына кабылды

667

Бул маалыматты Башкы штаб тастыктады. Аскер кызматкери мындан 3 күн мурда, 7-сентябрда кызматтык унаасы менен жумуштан тышкаркы убакта жол кырсыгына кабылган. Бирок кандай жагдайда жана ким менен сүзүшкөнү тууралуу кенең маалымат бериле элек.

Учурда бул окуя боюнча экспертиза жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен полковник Бактыбек Орозалиев унааны башкарып бара жатканда мас абалда болгонбу же жокпу, аныкталмакчы.

Башкы штабдан кабарлашкандай, Скорпион атайын даярдыктагы кызматтын командиринин катышуусундагы жол кырсыгынан жабыркагандар болгон эмес.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.