Социал-демократтар партиясын талашуу уланууда (видео)

556

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясын талашуу мыйзам талаасына өттү. Альтернативдүү КСДПнын жетекчиси, саясий кеңештин курамы жана расмий дарегинин өзгөргөнү тууралуу Юстиция министрлигине маалымдама жөнөттү. Кат Сагынбек Абдрахмановдун атынан жазылган. Юстиция министрлигине арыз 5-апрелде түшүп, мекеме КСДП партиясына байланыштуу маалыматтар өзгөртүлгөнү тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдарга эскертүүлөрдү жибергенге жетишкен.

Бирок экс-президент Алмазбек Атамбаев жетектеген тарап бул аракеттер мыйзамсыз болуп жатканын айтып, соттошууга даяр. Саясий талдоочулар да, Кыргызстан социал-демократиялык партиясына ээлик кылуу маселесин сот аркылуу чечишип алган оң дешет.