Социалдык тармакта «Элдин үнү» көз карандысыз элдик рейтинг жүргүзүлүүдө

804

Элдин үнү. Фейсбук социалдык тармагында дал ушундай аталыштагы көз карандысыз элдик рейтинг жүргүзүлүүдө. Анда интенет колдонуучулар президенттикке талапкерлерге өз добуштарын берип жатышат.

Бул көз карандысыз сурамжылоонун акыркы саат 13-00гө алынган маалыматы боюнча, алдыңкы училтикти 41 пайыз менен Өмүрбек Бабанов баштап келе жатат. Андан кийинки орунда эки эсе аз, 21 пайыз менен Сооронбай Жээнбеков болсо, Адахан Мадумаров 11 пайыз менен үчүнчү орунда. Калган талапкерлерлердин рейтингдери азырынча 10 пайыздан аша элек.

Белгилей кетчү нерсе, бул элдик рейтинде Фейсбукка катталган ар бир колдонуучу өзүнүн эрки менен добушун бере алат.