Социалдык тирешүүнүн отун тутанткысы келгендердин кезектеги провокациясы

703

Жогорку Кеңештин депутаты Фархад Иминов өзүнө карата жасалып жаткан каралоолорго карата дал ушундай жооп кайтарды. Ал өз сөзүндө өзгөчө жогорку мамлекеттик кызматта отурган айрым чиновниктер майлуу-сүттүү орундарынан айрылып калбаш үчүн Өмүрбек Бабановду жана анын тегерегиндеги тарапташтарын ойдон чыгарылган, жалган жалаа менен каралоонун эң ыпылас жолуна түшүштү, деп билдирди.

Бүгүн депутат Иминовду каралоо максатында маалымат таратылып, анда эл өкүлү өлкөдө башамандыктарды уюштуруу үчүн Казакстандын айрым аткаминерлери менен жолугушуп келгени тууралуу айтылды. Мынчалык ыплас каралоону күткөн эмесин. Бул иштин баары шайлоого байланыштуу болуп, анда менин жана президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду кандай гана жолдор менен болбосун каралап, калкка жалган маалымат таратуу гана аракети, дейт депутат Фархад Иминов.