Социалдык жөлөк пул алуу жеңилдеди (видео)

1373

Жарандар социалдык жөлөк пул алуу үчүн эми убара тартышпайт. «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу ай сайын төлөнүүчү социалдык пособие алууну каалагандарга, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги автоматташтырылган электрондук системаны ишке киргизди.

Эми балага сүйүнчү же ай сайын төлөнүүчү жөлөк пулдарды алуу үчүн мекеменин сайтынан эле маалымат алып, анкета толтуруп коюу жетиштүү. Ошондой эле, жарандар сайттагы атайын электрондук калькулятордун жардамы менен канча акча чегерилерин да эсептеп алышса болот экен.