Социологиялык изилдөө кимдин пайдасына иштеп жатат? (видео)

998

Калк арасында президенттикке талапкерлердин кимиси колдоого ээ? Бул суроо — «Эл-Пикир» агенттиги жүргүзгөн социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгы жарыялангандан тарта кызуу талкуулана баштады. Бул агенттиктин жыйынтыгы менен, КДСП партиясынан талапкер калктын 40%нын колдоосуна ээ экен. Мындай көрсөткүч бир катар эксперттердин күмөн саноосун жараткан. Себеби чет өлкөлүк беделдүү компаниялардын иликтөөсүнүн жыйынтыгы таптакыр башкача. Анда көпчүлүк оппозициялык талапкерди колдоорун билдиришкен. Аймактарды кыдырып келген эксперттер да, калктын басымдуу бөлүгүнүн тандоосу бир талапкердин пайдасы үчүн болуп жатканын байкашкан.