Соцтармакка чек ара көзөмөл пунктунун жанындагы атышуу боюнча видео тараган

826

Токмок шаарына жакын, чек ара көзөмөл пунктунун жанындагы атышуу боюнча улам жаңы маалыматтар чыга баштады. Буга чейин Ички иштер министрлиги эч кандай ок атышуу болгон жок деп билдирген. Бирок интернетке тараган видеодон башына, бутуна жана ичине ок тийген баланы, ошондой эле дөңгөлөктөрү жарылган унааларды көрүүгө болот.

Кээ бир сайттар аткезчилик менен алектенгендер ортосунда ызы чуу чыкканын жазышкан. Буга айрым бир топтордун мыйзамсыз жүк ташыгандарды калкалоону талашканы себеп болду деп айтылууда.

Маалыматтарга караганда, ишемби күнү таңга маал «Токмок — Автодорожный» көзөмөл пунктунун жанында топ адамдар ортосунда чыккан мушташ, ок атуулар менен коштолгон. Окуя болгон жерге Жогорку Кеңештин бир депутаты дагы барган, деген маалымат тараган. Чек ара бекетинин жанында иштеген такси айдоочуларынын айтымында, ишемби күнү ал жакка 50гө жакын милиция кызматкерлери барып, баарынан түшүнүк кат чогулткан.

Ал эми тегерек четте дөңгөлөктөрү жарылган автоунаалар токтоп турган. Аларды кийин белгисиз бирөөлөр айдатып кеткен. Учурда бул окуянын чоо жайы иликтенип жатат. Чүй областтык милициясы жакын арада толук маалымат берүунү убадалады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.