Соцтармакка милиция кызматкеринин тамеки чегип, түкүрүнгөн видеосу тарады

627

Видеодон милициянын формасын кийген 3 кишини көрүүгө болот. Алардын бирөө тамеки чегип, беш жолу түкүргөн. Видео Бишкектин четиндеги ГЭС-5 районуна тартылганы айтылды.

Чүй облустук милициясы учурда окуяны териштирип жатканын айтып, кийинчерээк комментарий берилерин билдирди.

Белгилей кетсек, 1-январдан тарта «Эреже бузуу» жөнүндөгү кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, көчөдө түкүргөндөргө 5500 сом айып салынат. Ал эми юридикалык жактар 17 миң сом төлөйт.

Ал эми тыюу салынган жерде чылым чеккендерге эскертүү берилет же I категориядагы айып салынат, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.