Соцтармакта #оюнүчүнрахмат деп “Ак шумкарларга” ыраазычылык билдиргендер көп

906

Ал арада, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын оюнуна калыс болгон калыс Фу Минг интернет айдыңында кыргызстандыктардын гана эмес, чет элдиктердин дагы нааразычылыгын жаратууда. Кытайлык реферинин, овертаймда Кыргызстандын дарбазасына панельти дайындоо чечими негизсиз болду, дегендер абдан көп.

Ошону менен бирге, миңдеген кыргызстандыктар «татыктуу оюн үчүн рахмат» деген хештег менен, Кыргызстандын курамасына ыраазычылыгын билдиришүүдө. Алар «Ак шумкарлар» тайпасы Азия кубогунун алкагында мыкты оюн көрсөткөнүн айтышууда.

Буга чейин Кыргызстандын курамасы Азия чемпионатына өтө албай келген болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.