Соцтармактарда Өмүрбек Бабановду колдогон флешмоб башталды (видео)

1008

Бабанов бул мен! Социалдык тармактарда Өмүрбек Бабановду колдогон кампаниянын катарын толуктагандар көбөйүүдө. Интернет колдонуучулар өз баракчаларына Бабановдун сүрөтүн жүктөп, ал Кыргызстанга кайтып келсин деп жазып, хештег калтырышууда. Флешмобтун катышуучуларынын пикиринде, Өмүрбек Бабановдун куугунтукталышы менен 600 миң шайлоочунун укугу тебеленип жатат.

Мындан улам алар шайлоочулардын добушун сыйлоого чакырып, мурдагы талапкердин ишин мыйзам талаасында карап чыгууну өтүнүшүүдө. Себеби буга чейин Өмүрбек Бабановдун сүйлөгөн сөзү боюнча бир эмес, төрт жолу экспертиза жүргүзүлүп, алардын биринде да кылмыштын курамы табылган эмес.