Соцтармактарда жалган маалымат көбөйүп кетти (видео)

952

«Коронавирус Кыргызстанга жетти. Банандан вич-инфекциясы жугууда». Ушул сыяктуу жалган маалыматтар социалдык тармактарда барган сайын көбөйүүдө. Мунун чын-төгүнүн билбегендер ага ишенип, дүрбөлөңгө түшкөн учурлар да жок эмес. Айрыкча кандайдыр бир абал жаралганда ошонун тегерегинде окуялар ойлоп табылып, коомчулукка жайылтуу күчөйт.

Көп учурда мамлекеттик органдар ал маалыматтын калп экенин ырастаган билдирүү таратканча эл фейктерге ишенип, тескерисинче аткаминерлердин айткандарынан күмөн санай башташат. Маалыматтардын чын-төгүнүн өз алдынча кантип тактаса болот?