Соцтармактарды көзөмөлгө алган мыйзамды кабыл алуу сунушталууда

659

Парламентте социалдык тармактарды катуу көзөмөлгө алган мыйзам кабыл алуу сунушу айтылды. КСДПчы депутат Улан Примовдун пикиринде, жарандардын көбү маалыматты социалдык тармактардан жана интернет сайттардан алып жатат.

Бирок ал жакта текшерилбеген улут аралык кастыкты козгоочу сөздөр көп чыгууда. Андыктан социалдык тармактарды жалпы маалымат каражаты катары кароо же чектөө боюнча мыйзам долбоорун даярдоо керек, дейт Примов.

Юстиция министринин орун басарынын айтымында, интернет сайттарды жөнгө сала турган документ даярдалган, жакында талкууга коюлат.