Согдиана менен «Пицца» Бишкектиктердин көңүлүн көтөрдү (видео)

930

Эгемендүүлүк күнүндө кыргызстандыктарга дагы бир белек тартууланды! Бишкекте «Азия Молл» соода борборунун ачылыш аземи шаар тургундарынын чоң кызыгуусун жаратты. Соода жана оюн-зоок борборунун ачылышына келгендерди жагымдуу сюрприздер да күтүп турду. «Азия Моллдун» расмий өнөктөшү чакан оюндарды уюштуруп, анын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер ыйгарылды.  Кечинде болсо соода борборунун ачылыш аземи чоң концерттик программа менен уланды. Ага жергиликтүү ырчылар жана чет элдик белгилүү аткаруучулар катышып, алар келгендердин көңүлүн көтөрүштү. «Азия Молл» соода борборунун ачылышына арналган шоу-программага миңдеген шаар тургундары күбө болуп, кечки асманга салют атылды.