Согуштун ардагерлерин тоноп жүргөн аял кармалды (видео)

1113

Бишкекте согуштун жана эмгектин ардагерлерин тоноп жүргөн аял кармалды. Бишкек шаардык милициясы кабарлагандай, пенсиядагы кары-картаңдардын акчасы, баалуу буюмдары уурдалып жатканы тууралуу арыздар былтыр эле түшкөн. Кармалган аял күнөөнү толугу менен мойнуна алып, 5 карыяны тоногонун айткан. Кылмышка шектүү ардагерлердин үйлөрүнө кирип, аларды алаксытып, баалуу буюмдарын уурдап жүргөн. Ал өзүн кайрымдуулук фондунун кызматкери катары тааныштырып, фонддон акчалай жардам берилерин айтып алдап, пенсионерлер башка бөлмөгө кирип кеткенде, уурулук кылган. Тартип сакчылары билдиришкендей, кылмышка шектүү аял кары-картаңдардан жалпысынан 200 миң сомдон ашуун уурдаган.