Согушуп жаткан аймактарга адамдарды жиберүүгө көмөктөшкөн чек арачылар кармалды

900

Согуш жүрүп жаткан аймактарга адамдарды жиберүүгө жардамдашкан чек арачылар кармалды. Улуттук коопсуздук комитети кабарлагандай, куралдуу кагылышуу жүрүп жаткан өлкөлөргө Борбордук Азиядан эл аралык террористтик уюмдарга адамдарды жөнөтүп турган кылмыштуу канал аныкталган.

Аны иликтөөдө, Бишкек жана Чүй областынын 3 тургуну 2 чек арачы менен сүйлөшүп алып, соттук жазадан качып жүргөн жарандарга акчалай сыйлык үчүн чек араны мыйзамдуу кесип өткөндүгү тууралуу жалган документтерди жасап берип турушкан. Учурда мындай 7 факт аныкталып, дагы 10у текшерилүүдө.

Чек арачылардын бири Кыргызстандын аймагынан мыйзамсыз өткөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүнө паспортуна штамп басып берип жаткан учурда кармалганы кабарланууда.

Учурда бул фактылар боюнча кылмыш-жаза кодексинин 7 беренеси менен бир нече кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Кылмыштуу топтун өкүлдөрү кармалып, абакка киргизилди.