Сокулук райондук милициянын жетекчилери кызматтан алынды

1098

Тергөө изоляторунан оор кылмышка шектүүлөрдүн качышы боюнча Сокулук райондук милициянын жетекчилери кызматтан алынды. Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында, райондук бөлүмдүн башчысы жана анын орун басарлары жумуштан четтетилди.

Учурда жетекчиликтин милдетин Азамат Ногойбаев аткарууда. Мындан тышкары, прокуратура тергөө абагынан төрт кишинин качып кетишине байланыштуу кылмыш ишин козгоп, эки милиция кызматкери камакка алынды.